Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алматыда хостел өрттөнүп, 13 киши каза болду

Үч кабаттуу имаратта 72 киши болгон

Казакстандын Алматы шаарында бүгүн, 30-ноябрда таң эртеде хостелден чыккан өрттөн 13 киши каза болду.

Алматынын Өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматы боюнча, үч кабаттуу имаратта 72 киши болгон. Алардын ичинен 59 адам өз алдынча качып чыгып, калгандары түтүнгө ууланып калган. Дагы үчөө ооруканага жеткирилгени айтылды

Өрттү өчүрүү үчүн 13 техника тартылып, 46 өрт өчүрүүчү иштеди. Кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенүүдө.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх