Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК дээрлик 2 млн сомдук аткезчилик жүктү аныктады

УКМК аткезчилик аракеттерди жасаган жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет дээрлик 2 млн сомдук аткезчиликти жүктү аныктады. Бул тууралуу УКМкнын басма сөз кызматы билдирди.

undefined

Маалыматка ылайык, 16-ноябрда Лейлек районунун Арка айылындагы кампада 870 миң сомдон ашык суммадагы кондитердик азыктар түрүндөгү контрабандалык жүктү “Хундай Портер” үлгүсүндөгү чет элдик мамлекеттик номерлүү унаага жүктөп жаткан 31 жаштагы М.Т.Р аттуу кыргыз жараны кармалган.

Ошондой эле 21-ноябрда Лейлек районунун Арка айылында жергиликтүү тургундун үйүнөн чет элдик мамлекеттик номерлүү “Мерседес-Бенц Спринтер” унаасы жүктөлгөн 1 млн сомдон ашык эл керектөөчү товарлар түрүндөгү аткезчилик жүк менен кармалды.

Жогорудагы фактылардын негизинде козголгон кылмыш иштеринин алкагында УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК аткезчилик аракеттерди жасаган жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх