Аламүдүндөгү бала бакчанын жетекчиси тартип сакчыларына 120 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды
Ал жетектеген бала бакчада мыйзам бузуу фактылары аныыкталып текшерүү башталган
Аламүдүн районундагы мамлекеттик бала бакчанын жетекчиси милиция кызматкерине пара берип кармалды. Бул туралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Милициянын маалыматына ылайык, ИИМдин Тергөө кызматы кызмат адамына пара берүү фактысы боюнча кылмыш ишин тергеп жатат.
ИИМдин КИББдин 4-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Финансы министрлигинин аудит кызматынын кызматкери менен биргеликте билим берүү тутумундагы коррупциялык схемаларды, анын ичинде мектепке чейинки балдар мекемелериндеги ата-энелердин төлөмдөрүнүн жогорулатылган фактыларын аныктоо максатында текшерүүнү жүргүзүшүүдө.
Анын жүрүшүндө Аламүдүн районунун Ленин айылдык округунун аймагында жайгашкан “Достук”, “Бөбөкжай” бала бакчаларында мыйзам бузуулар аныкталган.
Текшерүү учурунда “Достук” бала бакчасынын жетекчиси А.О. маселени оң жагынан чечүү жана текшерүүнү токтотуу үчүн ИИМдин кызматкерине ири суммадагы акча каражатын сунуш кыла баштаган. Кечээ, 29-ноябрь күнү ал ИИМдин КИББдин имаратында 4-башкармалыктын ыкчам кызматкерине 120 миң сом өлчөмүндө пара берүү учурунда кармалган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан тергелип жатат.
Фото www