Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Митингге чыккан “Дордойчулардын” 60тан ашыгы милицияга жеткирилди

Алар Акылбек Жапаровдун жардамчысын сабашкан деп шектелүүдө

Кечээ "Дордой" базарында орун алган митингдин 60тан ашуун катышуучусу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу журналист Болот Темиров социалдык тармактарга билдирди.

Анын айтымында, алар министрлер кабинетинин башчысынын жардамчысы Акылбек Жапаровду ур-токмокко алышкан деп кармалган. Кармалгандардын арасында аялдар да көп экенин журналист белгиледи.
Айрым маалыматтар боюнча, 4 катышуучу камакка алынган.

Милиция акциянын катышуучуларынын кармалышы боюнча маалымат боюнча комментарий бере элек.

Эске салсак, кечээ "Дордой" базарында ишкерлер митингге чыгышкан. Алар 1-январдан тарта күчүнө кире турган атайын салык режимине каршылыгын билдиришкен. Ишкерлер патент боюнча ишти улантууну талап кылышкан.
Чогулгандар министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун аларга келишин талап кылышып, бирок анын ордуна жардамчысы базарга келген. Соодагерлер аны уккусу келбей,
митингдин жүрүшүндө жаңжал чыгып кеткен.

Белгилей кетсек, кечээ "Мадина" жана "Орто-Сай" базарларында да митингдер өткөн.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх