Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Дордой" базарындагы митингде орун алган жаңжал боюнча кылмыш иши козголду

Кабминдин жардамчысына кол көтөрдү деп шектелип, бир адам кармалды

"Дордой" базарында кечээ, 30-ноябрда орун алган митинг учурунда эркек кишиге кол көтөргөн деп шектелип, бир адам кармалды. Бул туурасында Свердлов РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Дордой" базарынын администрациясынын алдында өткөн митинг учурунда белгисиз адамдар коомдук тартипти одоно бузуп, эркек кишини чаап жиберишкен.

Бул факты боюнча 280-берене ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголду.

Учурда митингдеги тартип бузган жарандардын бири кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркалды делген адам кабминдин башчысы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси же жардамчысы Урмат Токтомуджаев болгон.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх