Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын директору Алмазбек Истамбаев кармалды

Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын директору Алмазбек Истамбаев кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, опера жана балет театрынын балансындагы мамлекеттик мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштын негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Театрдын башкы директору Алмазбек Истамбаев кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо жана мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатат, деп кошумчалады комитет.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх