Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

17 жаштагы кыздын сойку болушуна көмөктөшкөн. Бишкекте 23 жаштагы кыз кармалды

Ага каршы жашы жете элек кыздын чон энеси арыз жазган

2023-жылдын 1-декабрь күнү Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге Д.К. аттуу жаран арызы менен кайрылып, анда “Н” атту жарандын үстүнөн мыйзамдуу чара колдонуп берүүсүн суранган. Себеби ушул жылдын үч ай аралыгында 2005-жылы туулган К.А. аттуу жашы жете элек небересин сойкулук менен алектенүүгө көмөктөшүп жүргөнүн билдирген.

Аталган факт Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин 2 бөлүгүнө(Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү, Ошол эле кылмыш балдарды пайдалануу менен жасалса) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИББнын ыкчам-кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 2000-жылы туулган К.Н. жараны аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Учурда кылмыш иликтөө иштери уланууда.

Көңул буруңуздар!
Кылмышкердин кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранабыз: 0(701) 700-251, 0(312) 43-73-75 жана кыска 102 номери аркылуу байланышсаңыздар болот. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх