Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 5 адам лагманга ууланды

Массалык уулануу "Wok Lagman " тез татым жайында орун алган

Бишкектеги Wok Lagman тез тамактануу тармагында массалык уулануу болду. Бул тууралуу санитардык-эпидемиологиялык инспекциядан билдиришти.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын 5 кызматкери босо жана гюро лагман тамактарын алып келүүгө буюртма беришкен.. Түнкүсүн аларда уулануунун белгилери байкалган. Жабырлануучулар медициналык жардамга кайрылышкан. Аларга «Тамак-аш аркылуу жугуучу уулуу инфекция» диагнозу коюлуп, лабораториялык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен тастыкталган.
Киев көчөсүндөгү "Wok Lagman " пунктунда пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, санитардык эреже бузуулар аныкталган. Фастфуд пунктуна Кылмыш кодексине ылайык 23 миң сом айып салынды.

«Тергөөнүн жыйынтыгы менен фастфуд сатуучу жайдан шектүү тамак-аштын калдыктары табылган жок. Лабораториялык изилдөөлөр тамак-аштан уулануунун себебин аныктоону улантууда», - деп кошумчалады санэпидемстанциядан.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх