Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто аскер кызматкерине ок тийип, каза тапты

Маалыматка ылайык, ал өзүн өзү кокустуктан атып алган

Ошто 18 жаштагы жоокер кокусунан чыккан октон көз жумду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлады. Маалыматка ылайык, 6-декабрда аскер кызматкери 2005-жылы туулган Э.Р., АК-74 автоматынан кокусунан ок чыгарган.

«Медициналык жардам көрсөтүлүп, бардык аракеттерге карабастан, жоокер алган жараатынан улам каза болгон. Окуя болгон жерге келген дарыгерлер аскер кызматкеринин каза болгонун тастыкташты. Бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», - деп билдиришти УКМКнын Чек ара кызматынан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх