Активист Афтандил Жоробеков массалык баш аламандыкка чакырган деп айыпталууда
Ал бугу чейин туунун алмаштырылышына каршы митингге чыгарын билдирген эле
Активист Афтандил Жоробековго карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (массалык баш аламандыкка чакыруу) боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.
Анын айтымында, активисттин үйү түндө тинтүүгө алынган.
Эскерте кетсек, Афтандил Жоробеков 9-декабрга белгиленген КР желегин өзгөртүүгө каршы жарыяланган митингине байланыштуу бир күн мурун Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына суракка чакырылган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз