Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте автобус улгайган аялды сүзүп кетти

Жабырлануучу ооруканада көз жумган

Бишкекте автобус жөө өтмөктөн аялды сүзүп кетти. Маалыматты Патрулдук милициядан тастыкташты.

Кырсык 6-декабрда түшкү саат экилер чамасында Лермонтов-Көлбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. No38 автобус бурулуп бара жатып, зебрадан өтүп бара жаткан 83 жаштагы улгайган аялды сүзүп алган. Эки буту сынган жабырлануучу Улуттук госпиталга жаткырылып, бирок ошол түнү эсине келбей каза болгон.

Автобус убактылуу кармоочу жайга токтотулду. Учурда экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх