Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган айыл өкмөт башчысынын орун басары кармалды (видео)

Ал 100 миң сом берип жаткан жеринен кармалган

УКМКнын кызматкерине 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Ш. пара менен кармалды, деп билдирди атайын кызматтын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, пара Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан 2,5 млн сомго автотранспорт каражаттарын сатып алуу боюнча тендер өткөрүүдө аныкталган КР мыйзамдарын бузууларды текшерүүнү токтотуу максатында берүүгө аракет болгону аныкталган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх