Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Массалык башаламандыкка элди үндөгөн. УКМК “Фейсбук” колдонуучусун кармады

Ал фейк аккаунт менен колдонуп келгени аныкталган

10-декабрда массалык башаламандык уюштурууга элди үндөгөн “Фейсбук” социалдык тармагынын колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси боюнча (“Массалык башаламандык”) козголгон кылмыш кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө массалык баш аламандыкка жана мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбоого чакырыктарды дайыма жарыялап турган “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Айман Манап” аккаунтунун колдонуучусу, 1983-жылы туулган Б.Д.М. аттуу жараны аныкталып, кармалды.

- Өз аракети үчүн жоопкерчиликтен качуу үчүн колдонуучу “Фейсбук” социалдык тармагында фейк аккаунтун колдонгон. Ал жашаган жеринде ыкчам тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө анын уюлдук телефону, ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар башка буюм далилдери алынды» — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх