Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарында укалоочу жайдын атын жамынып иштеген сойкукана аныкталды

Тартип сактоочулар анда иштеген эки кызды кармады

Ош шаарында укалоочу жайга жамынып алып сойкукана иштеп келгени аныкталды.
Түштүк калаанын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлери Курманжан-Датка көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине текшерүү жүргүзүп, ал жерде массаж жасоочу жайга жамынып иштеген сойкукананы аныкташкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160 («Сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү»).беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Сойкукана уюштурууга шектелип, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 33 жаштагы М.А.,ошондой эле сексуалдык кызмат көрсөтүүгө шектелген 20 жаштагы Б.кызы Н. кармалган
Ош шаардык соту М.Ага карата 2024-жылдын 10-январына чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын кабыл алган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх