Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Суу районунун акимиатынын башкы бухгалтери пара менен кармалды

Ага каршы “опузалап пара алуу” беренсинин негизинде кылмыш иши козголду

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башкы бухгалтери 45 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кармалган жаран кызмат абалынан пайдаланып, бюджеттик каражаттарды подрядчы уюмга которууну кечеңдетүү менен коркутуп, Кара-Суу районундагы Лангар айылына кичи футбол аянтчасын курууга каралган акчанын бир бөлүгүн кайтарып берүүнү талап кылгандыгы аныкталган.

-Аталган факты боюнча “опузалап пара алуу” беренсинин негизинде кылмыш иши козголду. Кармалган жаран УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилген,- деп билдиришти УКМКдан.

Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка опузалоо фактыларын, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх