Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК тарабынан “Дордойдогу” коррупцияга байланыштуу кармалган салыкчылар иштен алынды

Тиешелүү буйрукка Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов кол койду

“Дордой” базарында ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүп, коррупциялык схеманы уюштурган деген шек менен кармалган Мамлекеттик салык кызматынын беш кызматкери жумуштан алынды. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын бирөө январда эле иштен бошотулганын билдирди.
Тиешелүү буйрукка Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов кол койду.

Мекеме укук коргоо органдары базарларда салык чогултууга жооптуу болгон салык органдарынын кызматкерлеринин мурдагы жылдардагы ишине талдоо жүргүзүп жатканын белгиледи.

- Салык кызматы бүгүнкү күндө салыктык башкарууну жакшыртуу жана ишкерлер менен байланышты азайтуунун алкагында “Дордой” базарындагы бардык кызматкерлерин чыгарды, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 11-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) салык төлөөдөн качуу фактыларына байланыштуу “Дордойдо” салык чогултууга жооптуу болгон беш салык кызматкери кармалганын маалымдаган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх