Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 15 жаштагы окуучу кызды зордуктоого аракет кылган шектүү кармалды

Ал таң эрте борбор калаадагы көчөлөрдүн биринен жаш кызды көчөттөр жакка сүйрөп кетүүгө аракет кылган

Бишкекте 15 жаштагы окуучу кызды зордуктоого аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматына ылайык, 2023-жылдын 24-ноябрында К.Г. аттуу жаран Бишкек шаарынын Ленин РИИБге белгисиз адамга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 8:47 чамасында Жибек-Жолу менен Манас проспектисинин кесилишинде белгисиз жаран анын 2008- жылы туулган жашы жете элек жээнине кол салып, зордуктоого аракет кылганын, андан соң белгисиз тарапка качып кеткени жазылган.

Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 37,154-беренесине ( Зордуктоого аракет кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.


Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын ИИББнын жана Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп 1981-жылы туулган Д.Ж. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх