Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Ата районунда 12 жаштагы Сыргак изделүүдө

Өспүрүм 11-декабрда мектепке кеткен бойдон дайынсыз

Чүй облусунда дайынсыз жоголгон 12 жаштагы Асанов Сыргак изделүүдө.
Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, окуучунун жакындары Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылышкан. Алардын айтымында, бала 11-декабрь күнү саат 13:00дөр чамасында Чоң-Далы айылындагы үйүнөн окууга кетип, кайра келген эмес.


Бул факты Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Белгилери: бою 150-155, арык денелүү, көзү күрөң, оң көзүнүн жанында меңи бар, чачы кыска кара.
Кийген кийими: кара куртка, кара свитер, кара спорттук шым жана кроссовка, ошондой эле боз рюкзак болгон.

Сыргактын жүргөн жери тууралуу маалыматы барлар 0 (3132) 5-21-47; 0 (312) 61-69-07 (нөөмөт бөлүмү); 0 700 61-69-07, 0709 50-29-55, 0505 76-88-76.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх