Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Интерпол Кыргызстандын мурдагы аткаминерин Түркияда кармады

Ал 827 миң доллар өлчөмүндөгү ири алдамчылыкка шектелүүдө

Түркияда Интерпол Кыргызстандын мурдагы аткаминерин кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 55 жаштагы А.Н.ге карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү Интерполдун тизмесине 2022-жылы жарыяланган.
А.Н., буга чейин мамлекеттик органдардын биринде жогорку кызматты аркалап, 2,5 миллион АКШ доллары өлчөмүндө комиссияларды берүү шылтоосу менен Бишкек шаарындагы ресторанды жана батирди ээлеп алган. Андан соң кыймылсыз мүлк үчүнчү жактарга жашыруун түрдө эки айлык мөөнөткө жалпы суммасы 390 миң долларды күрөөгө коюп, акча каражатын алып, качып кетип, кийин аты-жөнүн Ы.А. кылып өзгөртүп алган.

Натыйжада аталган мүлк – 56 миң долларлык батир жана 771 миң 600 долларлык ресторан үчүнчү жактардын жеке менчигине өткөн.

Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 827 600 долларды түзгөн.
Учурда кармалган адамды экстрадициялоо маселеси чечилүүдө жана тергөө иштери уланууда.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх