Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте кайрадан массалык эвакуация. Соттордо, мейманканаларда жана ресторандарда бомба тууралуу маалымат түшту

Милиция кызматкерлери эвакуациялоо иштерин жүргүзүүдө

Бүгүн Бишкекте бир катар сотторго, мейманканаларга жана ресторандарга жардыруучу заттар коюлган делген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарда тарап жатат.

Алдын ала маалымат боюнча, белгисиз адам Биринчи май, Октябрь, Свердлов, Аламүдүн райондук сотторунун, Бишкек шаардык сотунун жана КР Жогорку сотунун имараттарына, ошондой эле Crostini ресторанына («Хаят» мейманканасы),Casa Italia, Омар Хайям, Буоно ресторандарында , "Стамбул", Ambassador Plaza Hotel Bishkek, NOVOTEL, DAMAS International Hotel жана Golden Dragon мейманкаларында бомба коюлганы тууралуу билдирүү жиберген..

Милиция кызматкерлери жеринде, эвакуациялоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Адвокат Бактыбек Жумашев фейсбук баракчасы аркылуу Биринчи Май райондук соту бомба бар делген маалыматтан улам эвакуацияланып жатканын тастыктады. Бардык угуулар жана жолугушуулар кийинкиге жылдырылды.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх