Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Ала-Арча дарыясы жээгинен ашып, жолдорду суу каптады - видео

Жеринде атайын техника иштеп жатат

Бишкектин түштүгүндөгу Ала-Арча дарыясы жээгинен ашып, жолдорду суу каптады. Суу Малдыбаев-Ахунбаев көчөлөрүнүн аймагын, ошондой эле Ала-Арча мамлекеттик резиденциясынын аймагындагы Совет көчөсүндөгү короолорду каптап кеткен.
Бишкек мэриясы жеринде атайын техника иштеп жатканын, процесс мэрдин көзөмөлүндө экенин билдирди.

«Кар көчкүлөрдүн кесепетинен Ала-Арча дарыясынын жогорку агымында сел тыгыны пайда болгон. Натыйжада дарыянын нугун бойлой чоң масса агып кеткен. 10 мүнөттүн ичинде пайда болгон тайгак. Тыгындарды жоюу үчүн «Бишкекводхоз» муниципалдык ишканасынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жумушчу техникалары тез арада тартылган. Ошондой эле жеринде «Тазалык» жана

«Бишкекзеленхоз» муниципалдык кызматтарынын атайын техникалары тосмолорду тазалап жатышат. Ишти мэр Айбек Жунушалиев өзү көзөмөлдөп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх