Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Арстан Алайды» табылды. Ал УКМК тарабынан кармалганы белгилүү болду

Ал өзүн «Жаңы Кудай», «Куткаруучу» деп атаган

Диний кастыкты козутуу фактысы боюнча коомчулукта «Арстан Алай» аты менен белгилүү Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, УКМК диний кырдаалды жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү максатында, ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында 1968-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны, Нарын облусунда туулган Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичти («Арстан Алай» аты менен белгилүү) кармалган.

Зима не будет сөзүнүн автору Арстанбек Алай - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2023

«Кылмыш ишин козгоого А.Абдылдаевдин «Facebook», «Instagram» жана «YouTube» социалдык түйүндөрүндө, ошондой эле китептерде жана брошюраларда диний жана диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктар камтылгандыгы тууралуу алынган маалыматтар негиз болгон. Ал өзүн «Жаңы Кудай», «Куткаруучу» деп эсептеп, башка диндерди, ишенимдерди, көз караштарды төмөн, алсыз жана жараксыз адашуу деп эсептеп, аларга терс баа берет. Чүй облусунда жашаган жеринде тинтүү жана лекцияларды (мантра деп аталган) өткөрүүнүн натыйжасында көп сандагы адабияттар, атап айтканда (китептер, брошюралар жана дептерлер), компьютерлер жана электрондук алып жүрүүчүлөр алынган», — деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен А.Абдылдаев КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР МУККнын СИЗОсуна киргизилген.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх