Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орок айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды– видео

Ал айыл тургундарынан жер тилкелерин мыйзамдаштыруу үчүн акча талап кылган

Орок айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары пара талап кылгандыгы үчүн кармалды, деп билдирди Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, аткаминерлер Сокулук районунун Селекционное айылынын тургундарынан жер тилкелерин мыйзамдаштыруу үчүн системалуу түрдө акча талап кылып келишкен.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду. Алсак, Орок айыл аймагынын башчысынын орун басары 30 жаштагы О.Н. башка адамдар менен сүйлөшүп алып, алардын маселесин оң чечип берүү үчүн жарандардан 300 миң сом талап кылышкан. 15-декабрда О.Н. аттуу жарандан 71 миң сом алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын мэриясынын унаа токтотуучу жайынан кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх