Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Караколдо ооруканада өрт чыгып, бейтаптар эвакуацияланды

Өрттү өчүрүүгө бир күжүрмөн эсеп тартылган

Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын кардиология бөлүмүндө өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө бир күжүрмөн эсеп тартылган.
Кардиология бөлүмүндө жаткан 60 бейтап жана 4 медицина кызматкерлери эвакуацияланган. Бактыга жараша жабыркагандар жок.

Тилсиз жоо эртең мененки саат 07:40да толугу менен өчүрүлгон, өрттөн оорукананын 12 чарчы метр шыбы күйүп кеткен.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх