Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургун карышкыр багып жүргөн

Жырткыч зоопаркка жайгаштырылды

Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлерине Ак-Суу районунда жергиликтүү тургун үйүндө карышкырды кармап жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган маалыматты текшерүү учурунда, милиция кызматкерлери тарабынан жарандын өздүгү жана жашаган жери аныкталган. Ал, Челпек айылынын 29 жаштагы тургуну А.Э. болуп чыкты жана анын короосунан беш айлык карышкырдын бөлтүрүгү табылган. Жырткыч Каракол шаарынын зоопаркына өткөрүлүп берилди.


Бул факты Ак-Суу районунун ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, жапайы жаныбардын жергиликтүү тургунжун үйүндө кандай пайда болгондугу такталууда.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх