«Elite House» курулуш компаниясынын ээси Тимур Файзиев 4-январга чейин камакта калтырылды
Ал октябрь айында кармалган
Elite House курулуш компаниясынын ээси Тимур Файзиев 4-январга чейин тергөө абагында калтырылды. Чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарды.
Маалыматка ылайык, тергөө камак мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен кайрылган. Сот өтүнүчтү канааттандырды.
Тимур Файзиевге кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу боюнча кылмыш иши козголгон. Ал октябрь айында кармалган.
Буга чейин 2021-жылдын май айында Тимур Файзиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракети болгон. Бирок ал борбордо эмес болгондуктан ага издөө жарыяланган. Ишкер Бишкектин аймагындагы жер тилкелерин алууда коррупциялык иштерге аралашууга, ошондой эле мыйзамсыз курулушка шектелген.
Фото www