Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тиш догдурда чарчаган 3 жаштагы кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Тийиштүү экспертиза дайындалды

КММАнын медициналык борборунда тиш догдурда чарчап калган 3 жашар кыздын окуясы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин (Медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай эмес аткаруусу) негизинде козголгон.

- Экспертизанын жыйынтыгы менен кылмышкерлерге юридикалык баа берилет, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак,, КММАнын медициналык борборунда 3 жаштагы кыз тиштерин тазалатып жатып каза болгон. Алдын ала маалымат боюнча ымыркайга жалпы наркоз берилип, андан кийин ал чарчап калган. Бул факты боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги иликтөө жүргүзүп, иш башкармалыктын жетекчисинин жеке көзөмөлүндө.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх