Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Сууда ТикТокто жүктөгөн видеосу үчүн жаш жигит кармалды

Ал улуттар аралык кастыкты козуткан деп шектелүүдө

Кара-Суу районунда улут аралык кастыкты козуткан деген шек менен 20 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Декабрдын башында TikTok социалдык тармагында белгисиз адам улуттук намыска шек келтирген сөздөрдү айткан видео тараган. Чогулган материалдар Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнө катталган.

Экспертизанын жыйынтыгында КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний аймактар аралык кастыкты козутуу) менен кылмыш иши козголду - деп айтылат ОИИБдин билдирүүсүндө.

Шектүү катары Кара-Суу районунун 2003-жылы туулган тургуну Э.Х. Ал убактылуу кармоочу жайга камалды.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх