Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таласта пара талап кылган айылдык депутат кармалды

Ал 4 миллион 200 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалоого шектелүүдө

Талас облусунун Бекмолдо айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Ч.Т.Ж. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 4 миллион 200 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалоого шектелүүдө. Шектүү 25-декабрда Бишкек шаарынын аймагында 1 миллион сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

- Ушул жылдын декабрынын башында Ч.Т.Ж. ар кандай коркутуулар менен Талас районунун Бекмолдо айылына түтүктөрдү төшөө үчүн утуп алган 67 млн сом өлчөмүндөгү тендердин жалпы суммасынын 6% өлчөмүндө компенсация катары бересин деп жеке ишкананын директорунан 4 миллион 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кыла баштаган. Болбосо, жогоруда аты аталган депутат ден соолугуна зыян келтирем деп коркутуп, курулуш иштерин жүргүзүүдө ар кандай тоскоолдуктарды уюштурууну убадалаган. Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы менен кармалган адам КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди,- деп жазылат маалыматта.

Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх