Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги бейтапканада 55 жаштагы аял укол алгандан кийин каза болду

Ага дарыгери антибиотик жазып берген, ал буга чейин да укол алып жүргөнү айтылды

Бишкекте № 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда антибиотик уколун алган аял каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, 26-декабрда 55 жаштагы аялга бейтапканадан “экстенбензатин” аттуу препарат сайылган, 2-3 мүнөттөн кийин маркумдун башы айланып, деми кысылып, эриндери көгөрүп, эсин жоготуп койгон.

«Тез медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан, аял каза болуп калган. Ал жашаган жери боюнча каттоодо туруп, кардио-ревматологдун көзөмөлүндө болгон. Антибактериалдык препаратты дарыгер жазып берген, ал буга чейин антибиотик алып жүргөн», — деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Ведомство кошумчалагандай, алдын ала анализдин жыйынтыгында бул антибиотик КР аймагында катталып, сапаты экспертизадан өткөн.
Учурда дары-дармекти колдонуудагы олуттуу терс реакциянын себеп-натыйжа байланышына текшерүү жүргүзүлүп жатат, деп кошумчалады министрлик.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх