Казакстанда бороондо калган чоң эне менен небереси каза болуп калышкан
Кырсык боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат
Казакстандын Костанай облусунда 56 жаштагы аял менен анын 11 жаштагы небересинин тоңуп калган денелери табылды.
ЖМКлардын маалыматына караганда, 26-декабрь күнү эртең менен бороондо аял менен небереси жоголуп кеткен. Алар Тобыл шаарына барып келүү үчүн Степной айылынан чоң жолду көздөй жөнөшкөн.
Милиция, куткаруучулар, волонтерлор жана кинологдор дайынсыз жоголгондорду издөөгө алышкан.
Бүгүн дайынсыз жоголгондордун сөөгү алар жашаган айылдын жанынан табылды. Окуя болгон жерде ыкчам-тергөө тобу иштеп, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз