Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Чүй облусундагы ломбарддар үстөк пайызын минимумга түшүрөт

Атайын кызмат күрөөканаларды текшере баштады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети күрөөканалардын ишин текшере баштаганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында 26-декабрда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде Чүй облусунун аймагында күрөөканалардын ишинде КР мыйзамдарын сактоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн.

- 40тан ашык күрөөканалардын лицензиялык документтери, күрөөгө коюлган талаптар жана акча каражаттарынын келип чыгышынын мыйзамдуулугу текшерилди, - деп айтылат маалыматта.

- Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча бардык жазаларды эске алуу менен пайыздык чендерди минималдуу деңгээлге чейин төмөндөтүү жана 20% чектик ченден ашпоо боюнча милдеттенмелер алынган, — деп белгилейт УКМК.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх