Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто 9 жаштагы бала бычактан каза болду. Аны өлтүрүүгө бир тууган эжеси шектелүүдө

Кызга атайын экспертиза дайындалды

Ошто 9 жаштагы окуучуну эжеси бычак сайып өлтүрдү. Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Мааламытка ылайык, 2023-жылдын 17-декабрь күнү болжол менен саат 17:30 чамасында шаардык ооруканадан милицияга маалымат келип түшкөн. Анда 2014-жылы туулган өспүрүм көкүрөгүнүн оң тарабынан миздүү нерседен жаракат алып, өзүнүн апасы каза болгон абалда ооруканага алып келгендигин билдирген.

Аталган жайга Ош ШИИБнын ыкчам тергөө тобу чыгып, тиешелүү иш-кагаздарды чогулткан. Окуя болгон жерге барган учурда, далил буюм катары ашкана бычагы алынып, ал ишке тиешеси бар делип, окуучунун 2005-жылы туулган эжеси аныкталган.

- Сурак жүргүзүлгөн учурда өзүнүн эжеси ашканадагы бычакты алып, иниси жаткан бөлмөгө кирип, көкүрөк тушуна сайып салгандыгын билдирген. Каза болгон окуучунун эжеси кылмыштын изи сууй электе кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 19-декабрь күнү Ош шаардык соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынган. Социалдык тармактарда балага бычак сайган кыз психикалык жактан жабыркайт экен деген маалыматты тактоо үчүн, атайын эспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгынан кийин кошумча маалымат берилет. Бүгүнкү күндө иликтөө амалдары жүрүп жатат. Окуя жазык кодексинин 122-беренеси менен катталып, тиешелүү кагаздар чогултулду,-деп айтылат маалыматта.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх