Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аламүдүн районунун айыл өкмөт башчысы менен башкы бухгалтери кармалды

Алар пара алууга шектелишүүдө

Аламүдүн районунун айыл өкмөт башчысы менен башкы бухгалтери кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Милициянын маалыматына ылайык, 2023-жылдын декабрында милицияга Чүй облусунун тургуну арыз менен кайрылып, Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жетекчилерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. 2021-жылдын январь айында алар өздөрүнүн кызматтык абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, 4 сотых жер тилкесин берүү үчүн 400 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын пара катары талап кылышкан. Бирок, алар акча каражатын алгандан кийин, өздөрүнүн милдеттемелерин аткарган эмес.

Топтолгон материалдардын негизинде, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Ири өлчөмдө пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ушул жылдын 12-декабрында кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшүп, буга чейин алган паранын бир аз бөлүгүн 40000 сомду кайтарып берип жаткан жеринен Аламүдүн районунун айыл өкмөт башчысы менен башкы бухгалтери кармалган.
Азыркы учурда зарыл болгон тергөө амалдары жүрүүдө.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх