Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК мектептерде бомба тууралуу маалымат таратып жүргөндөрдү кармады

Алар 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

Кыргыз Республикасынын аймагында бомба тууралуу жашыруун телефон чалып жүргөн адамдардын тобу аныкталып, кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Ж.Д.А., 25 жаштагы М.М.У., Д.Д.Б. жана К.А.А. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары кармалган.

«Алар 30-ноябрь жана 18-декабрда чет элдик абонент аркылуу анонимдүү чалуулар үчүн буйрук берип, андан кийин Бишкектин орто жана жеке менчик мектептеринин даректерине жардыргыч заттар коюлган делген анонимдүү чалуулар келип түшкөн», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Белгиленгендей, кармалганда окуу процессин үзгүлтүккө учураткысы келген.
УКМК мындай бейбаштык үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси («Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү») менен 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралганын эскертет.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх