Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн россиялык жаран кармалды

Ал уурулук, зордуктоо, жасалма документтерди жасоо боюнча издөөдө жүргөн

Бишкекте ИИМ кызматкерлери тарабынан ар кандай кылмыштар, анын ичинде оор кылмыштары үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Россиянын жараны кармалды. Бул тууралуу КР ИИМдин маалымат кызматы билдирет.
Мекемеден билдиришкендей, Россиянын укук коргоо органдары тарабынан ага карата уурулук, зордуктоо, жасалма документтерди жасоо айыбы коюлган.

Издөөгө жарыяланган жаран ички иштер органдары колдонуп жаткан заманбап технологиялардын жардамы менен кармалды.

- 2024-жылдын 6–январда жүзүн таануу камералары издөөдө жүргөн А.Р. аттуу жаранды таанып, ал жаран өз мамлекетинде бир нече кылмыштар, атап кетсек, кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси "уурдоо", 131-беренеси "зордуктоо", 327-беренеси "жасалма документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү же бланктарды жасоо, даярдоо же жүгүртүү", менен жоопко татылып, бөгөт коюу чарасы-камакка алуу тандалганы такталган.

Аталган жаранга Алтай аймагы боюнча Орусиянын Ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан издөө жарыяланган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх