Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Муз жарылып кеткен. Балыкчыда сууга түшүп кеткен өспүрүмдөр куткарылды

Куткарылган балдар 10 жана 12 жаштагы бир туугандар болуп чыгышкан

Балыкчы ШИИБдин милициянын участкалык ыйгарым өкүлү көлмөнүн муз астына кирип кетип, чөгүп жаткан эки жаш өспүрүмдү куткарды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИББнан билдиришти. Маалыматка ылайык, 8-январь күнү болжол менен саат 15.25 чамасында шаардык милициянын нөөмөт кызматына телефон аркылуу билдирүү түшүп, анда көлмөнүн үстүндө коньки тээп жаткан балдар, муз астына кирип кеткендиги маалымдалган.


Балыкчы ШИИБдин участкалык милициянын ыйгарым өкүлү, милициянын улук лейтенанты Амантур Бакиров өзүнүн кесиптештери менен тез арада жардам берүү үчүн окуя болгон жерге жөнөшкөн.
Көлмөнүн үстүндөгү муз ичке болгондуктан, балдар сууда араң карманып турушкан. Милиция кызматкери үстүндөгү формасын чече коюп, муз болгон көлмөгө кирип, балдарды куткарууга аракет кылган.


Куткаруучу каражаттын жардамы менен балдарга сүзүп жетип, аларды жээкке чыгарууга үлгүргөн. Жээкте турган кесиптештери балдарды өздөрүнүн бушлаттарына орошуп, кызматтык автоунаага олтургузуп, жардам көрсөтүшкөн.
Куткарылган балдар 10 жана 12 жаштагы бир туугандар болуп чыгышкан. Алар медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилип, балдардын ден-соолуктарына коркунуч жок экени аныкталган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх