Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы менен “Кадастрдын” кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалышты

Алар айыл чарба багытындагы жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкенине айыпталууда

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын кызматкерлери ар кандай чөйрөдөгү мыйзамсыз жосундардын жана коррупциялык көрүнүштөрдүн бетин ачуу багытында күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Алсак, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында айыл чарба багытындагы жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү менен байланышкан коррупциялык фактылар аныкталды. Бул фактылар боюнча текшерүү иштеринин жүрүшүндө 2017-2018-жылдары Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдары тарабынан өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы өздөрүнүн жана башка адамдардын пайдасы үчүн айыл чарба муктаждыктары үчүн арналган жерлердин ордуна жеке менчик ээлеринин жер тилкелерин мыйзамсыз көчүрүшкөн. Башкача айтканда, алар жер тилкелеринин жайгашкан жерин өзгөртүшкөн, андан кийин Ново-

Покровка айылдык округунда Мамлекеттик айыл чарба жерлер фондунун 323,293 контурдагы 20 гектар жер аянтындагы жер тилкелерин уруксатсыз басып алуулар жана өз алдынча курулуш иштерин жүргүзүүлөр пайда болуп, жер тилкелери максатсыз пайдаланыла баштаган.

2023-жылдын февраль айында Жер комиссиясынын чечими жана Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу менен жогоруда аталган сугат жер аянттары мыйзам бузуу менен башка категориядагы жерлерге которулган.
Жогорудагы аталган жагдайлардын кесепетинен мамлекеттин кызыкчылыгына оор залал келген. Учурда бул жер тилкелеринде жеке турак жайлардын курулуш иштери жүрүп жатат. Аталган фактылар боюнча чогултулган материалдардын негизинде, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын 8-декабрында ИИМдин КИББнын 4-башкармалыгынын жана Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан атайын багыттагы полктун атайын операциялар отрядынын күжүрмөн кызматкерлерин тартуу менен Чүй облусунун Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн имаратында жана андан тышкары мыйзамсыз иш аракеттерге катыштыгын тактоо максатында 16 адамдын туруктуу жашаган жерлерине тинтүү жүргүзүлгөн.

Бул тергөө-ыкчам иш-чаралары кылмыш иши үчүн мааниси бар документтерди жана буюмдарды алуу, ошондой эле мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында ишке ашырылган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр аныкталып, убактылуу кармоочу жайга кармалышты. Алар:

- Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М. Б.;
- Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн орун басары М. Н.;
- Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ысык-Ата филиалынын мурдагы директору Ш. М.;
- Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ысык-Ата филиалынын кызматкери А. Н.;
- Жер тилкелерин сатуу менен алектенген Аламүдүн районунун тургуну А.А.. Соттун чечими менен кармалган жарандардын бөгөт чарасы камакка алуу түрүндө тандалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх