Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө Жаңы жылга караган күнү каракчылар ишкерлердин үйүнө кирип, үй ээлерин сабап, тоноп кетишкен

Алар Бишкек шаарынын аймагынан кармалган

Бишкекте Ысык-Көл облусунун Түп районунда орун алган каракчылык фактысына шектүүлөр кармалды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 31-декабрда таңкы саат 5:00тер чамасында Түп районунун тургундарынын үйүнө беткапчан каракчылар терезе аркылуу киришкен. Алар үйдүн 39 жаштагы ээсин жана анын 37 жаштагы аялын ур-токмокко алышкан. Кылмышкерлер үй ээсин темир зым менен байлап коюшкан. Андан соң үй кожойкеси менен анын жашы жете элек баласын бычак менен коркутуп, акча жана баалуу буюмдарды талап кыла башташкан. Аял кылмышкерлерге сейфтин ачкычын берген, бирок алар дагы акча талап кылышкан. Кол салгандар үйдөгү баштыктардан акчаларды, ошондой эле телефондорду алып качып кетишкен.

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин 2-бөлүмү (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштерине ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын оор кылмыштардын бетин ачуу бөлүмүнүн тергөөчүлөрү кошулган.

Кармалгандар Түп райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх