Бишкекте эркек адам кафелердин биринен 80 миң сом уурдап, видеого түшүп калган
Ууру ашканага кирген кардарлардын көзүнчө кассаны тоноп кеткен
Бишкек шаарындагы кафелердин биринде кассадан акча уурдаган ууру кармалды.
Бишкек ШИИББнын маалыматына ылайык, кылмыш өткөн жылдын октябрь айында болгон. Саат 00.30дар чамасында Киев-Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафеге бейтааныш жигит кирип, кассадагы 80 миң сомго жакын акчасын уурдап кеткен.
Ашкана ээлери милицияга арыз жазып, кылмыш иши козголгон.
Шектүү аныкталып, ал 1992-жылы туулган О.Т. болуп чыккан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз