Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов кайрадан кармалды

Ал УКМКнын СИЗОсуна киргизилди

КРнын Күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов кайрадан камакка алынды. Маалыматты Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты. Буга чейин Иминов эч жакка чыкпоо тилкатынын негизинде бошотулган. Кийин тергөөчү баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен сотко кайрылган. Өтүнүч канааттандырылып, Ахрор Иминов кайрадан 2024-жылдын 4-февралына чейин УКМКнын СИЗОсуна камалды. Эске салсак, Ахрор Иминов КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүмү (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деп шектелүүдө.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх