Кызыл-Кыяда BMW жолдон чыгып кетип, үйдү сүзүп кирип кеткен - видео
Жабыркагандар бар
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында BMW үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, үйдү сүзүп кирип кеткен. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор билдирди.
Алардын айтымында, унаанын айдоочусу менен жүргүнчүлөрүн тез жардам кызматы алып кеткен. Алардын абалы тууралуу азырынча маалымат жок.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз