Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткенде 22 жаштагы майып келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумду

Аны күйөөсү муунтуп өлтүргөнү айтылды

Баткен облусунун Кадамжай районунда 22 жаштагы келин киши колдуу каза болду. Анын өлүмүнө күйөөсү шектелип, кармалды. Маалыматты Баткен ОИИБден кабарлашты.

Милициянын маалыматына ылайык, 2-январда саат 15:00 чамасында Кадамжай районунун Исхак-Полотхан жалпы дарыгерлер практикалык борборунун тез жардам бөлүмүнүн дарыгери Ирелеш айылында аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу милицияга кабар берген.
Маалымат Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, төмөнкүлөр аныкталган.

2-январда саат 15:00 чамасында Ж.Г. атту жаран аялы А.К. менен көчөдө бара жатышып, пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Күйөөсү аялын муунтуп, келин аба жетишсиздигинин айынан окуя болгон жерде каза болгон.

Каза болгон аялдын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүү учурунда анын сол көзүнүн тегерегинде көгала тактар жана мойнунда кол менен муунтулган белгилери бар экендиги аныкталган. Келиндин алган жаракаттарынын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх