Чагымчыл материалдарды чыгарып жүргөн. УКМК Фейсбуктун колдонуучусун кармады
Анын үйү тинтүүгө алынган
УКМК Фейсбукка жазган билдирүүсү үчүн жаранды кармады.
Аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргыз Республикасынын жараны К.К. Фейсбукта бир жактуу, чагымчыл маанайдагы материалдарды жарыялап турган.
«9-январь күнү тинтүү учурунда К.К. буюм далили катары кылмышка шектүү жаран тарабынан Кыргыз Республикасындагы аймактар аралык тынчтыкка жана ынтымакка каршы кылмыштуу аракеттерди жасоодо колдонгон уюлдук телефон табылып алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп билдирди УКМК.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз