УКМК 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп жатканы айтылууда
Маалыматты басылманын башкы редактору тастыктады
24.kg маалымат агенттигинин Бишкектеги кеңсеси тинтүүгө алынды. Vesti.kg сайтына маалыматты басылманын башкы редактору Махинур Ниязова тастыктады.
Анын айтымында, тинтүү иштерин УКМК кызматкерлери жүргүзүүдө.
Тинтүүнүн себеби азырынча белгисиз.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз