Ысык-Көлдө 16 жаштагы кыз зордукталды
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат
Ысык-Көл облусунда 16 жаштагы кыз зордукталганын билдирип, милицияга кайрылды.
Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, милицияга 11-январда арыз түшкөн. Анда Жети-Өгүз районунун 16 жаштагы тургуну 18 жаштагы жигит тарабынан зордукталганын билдирген.
Арыз катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды, - деп билдирди ИИМ.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз