Бишкектин Мурас-Ордо конушунда изделип жаткан 5 жаштагы сөөгү табылды
Бала 14-январда дайынсыз жоголгон
Бишкектин Мурас-Ордо конушунда изделип жаткан 5 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Куткаруучулар аутизм менен жабыркаган тестиердин сөөгүн бүгүн болжол менен саат 15:57де суудан таап, жакындарына өткөрүп беришкен.
Бала 14-январда дайынсыз жоголгон. Аны издөөгө жалпы 17 куткаруучу, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз