Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн таң эрте 10го жакын журналист камалганы белгилүү болду

Темиров Live, «Алга Медиа», «Арча Медиа», «ПолитКлиника» телеканалдарынын кызматкерлери кармалды

Бүгүн эртең менен беш журналисттин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, 8ге жакын журналист күч органдары тарабынан Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгына жеткирилди. Бул тууралуу Болот Темиров социалдык тармактарга билдирди.


Алдын ала маалыматтар боюнча, Темиров Live кызматкерлери Махабат Тажибек кызы, Сапар Акунбеков, Азамат Ишенбеков, Максат Тажибек уулу, Алга Медиа журналисти Жумабек, Арча Медиадан Актилек Капаров - Сайпидин Султаналиев, Политклиниканын журналисти Тыныстан Асыпбек кармалышкан.э

Буга чейин Болот Темиров Ички иштер министрлиги 278-берененин 3-бөлүмү “Массалык баш аламандыкка чакыруу” боюнча иш козгогонун билдирген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх