Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 29 жаштагы жигит үч күндөн бери изделүүдө - видео

Ал психикалык жактан жабыркаганы белгилүү

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы Мухамедаалы Маматаалы уулун изделүүдө.
Ал 14-январда “12 камин” эс алуу аймагынан жоголуп кеткен. Эки күн бою үй-бүлөсү жана достору аны өз алдынча издеп, укук коргоо органдарына жардам сурап кайрылышкан.

{/source

«Бизге атайын техниканын жардамы керек, бизге дрондор керек. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылдык, бирок жооп болгон жок. Мамлекет башчысынан, УКМКнын жетекчисинен жардам сурайбыз. Дрондору барлар сиздерден дагы жардам сурайбыз. Агабыз эс тутумунан жабыркап, ориентациясын билбей калат. Ал азыр тоодо жалгыз жүрөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жардам берсе жакшы болот эле. Баарын төлөп берүүгө даярбыз. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин вертолету бар, алар туристтерди эле эмес, элди да издеш керек», - деп жоголгон жигиттин жакындары кайрылышкан.

Бүгүн, 17-январда ӨКМ билдиргендей, дайынсыз жоголгон адамды издөөгө 20дан ашык куткаруучу иттер жана дрондор менен жөнөтүлдү.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх