Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте чакалайдын чак түшүндө жаш кызды тоноп кетишти

Кылмышкер анын 90 миң сому менен чөнтөк телефонун тартып алган

Бишкекте чакалайдын чак түшүндө жаш кыз тоноого кабылды. Борбор калаанын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматы боюнча, 25-декабрда түштөн кийин саат экилер чамасында Астраханская көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанынан эркек киши физикалык күч колдонуп, жаш кыздын сумкасын жулуп кеткен. Уурдалган баштыкта 90 миң 500 сом жана 10 миң 800 сомдук Redmi уюлдук телефону болгон.

Жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган С.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх